Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Азербайжан оппозициясы шайлоодо мыйзам бузуулар болуп атканын айтууда


Айрым маалымат каражаттары тыюу салынганына карабай, добуш берүүдөн кийинки сурамжылоонун жыйнтыктарын жарыялашты. “Прогноз” социологиялык борборунун маалыматына ылайык, президент Илхам Алиев 92 процент добуш менен алдыда баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясы мобилдик телефондор үчүн сунуш кылган тиркемеде Алиев 72 процент чогултканын көрсө болот. Бул тууралуу жергиликтүү Contact порталы маалымдайт.

Бюллетендерге 10 талапкердин ысымы киргизилген. Үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышып жаткан Илхам Алиев шайлоодо жеңет деп күтүлүүдө.

Оппозиция добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгонун ырастоодо. Атап айтканда, байкоочуларга тоскоолдук түзүү, шайлоочуларды участкаларга уюштуруп алып келүү, бюллетендерди тобу менен таштоо, бир нече жолу добуш берүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG