Качкындар маселесин чечүү үчүн Евробиримдик Италияга 30 млн. евро берет. Бул тууралуу Евробиримдиктин башчысы Жозе Мануэл Баррозу шаршембиде билдирди. Ал кечээ Италиянын премьер-министри Энрико Летто менен африкалык качкындар түшкөн кеме кыйраган Лампедуза аралына барган.
3-октябрда аралга чукул жердеги кеме кыйроосунан 274 киши набыт болгон, алардын баары Эритре менен Сомалиден качып келе жаткан качкындар болчу. Кемеде баарысы болуп 500 киши болгону, дайынсыз жоголгондор изделип жатканы кабарланууда.