Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

Бишкекте Ооганстан боюнча конференция өтүүдө


Бул конференцияда 2014-жылы Ооганстандан коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийинки Борбор Азия мамлекеттерине тийгизүүчү коркунчутар боюнча талкуу болууда.

Ага ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа, БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча баштаган эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү эксперттер катышууда. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жыйынды ачып, президент Алмазбек Атамбаевдин конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп берди. Президент Атамбаев өз сөзүндө терроризм Ооганстан тараптан Борбор Азия мамлекеттерине келүүчү негизги коркунуч болуп жатканын белгилеген. Ошондой эле президент бүткүл дүйнөлүк коомчулук жана Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандын өзү менен биргеликте бул өлкөдөгү тынчтыкты орнотууга биргелешип аракеттенүүсү зарыл экенин айткан.

Ал эми министр Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө 2014-жылдан кийинки Ооганстандагы кырдаал боюнча ар кандай версиялар бар, анын көбү терс деп белгиледи. Ал Ооганстанды калыбына келтирүүнүн жолдорун сунуштап, өзгөчө коопсуздукка жана бул өлкөдөгү экономиканы бекемдөөгө басым жасады. Ошону менен бирге "Манас" аба майданындагы транзиттик борбор Ооганстандагы абалды калыбына келтирүүдө маанилүү рол ойногонун белгиледи. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG