Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Саруу менен Караколдо абал тынч


Көлдүн Каракол шаарында жана Саруу айылында азыр абал тынч. Кабарчыбыздын айтымында, көчөдө топтолгондор көрүнбөйт. 7-октябрда Караколдо Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган митинг башаламандыкка айланып, бийлик өкүлүн барымтага алганы үчүн 23 киши камакка алынган. 8-октябрда Саруу айылында ошол камалгандардын бошотулушун талап кылган 200дөй митингчи жолдорду бууган. Кечээ да Саруунун айыл өкмөтүнүн жанында он чакты киши топтолуп туруп, кечке жуук тарап кеткен. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG