Кыргызстандагы диний кырдаал өлкөнүн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында каралат. Бул тууралуу бүгүн парламент отурумунда Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Депутат Бакыт Төрөбаевдин 2014-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин диний радикал-экстремисттер жалпы аймак жана Кыргызстан үчүн кооптуу жагдай жаратышы мүмкүн деген кооптонуусуна байланыштуу жооп берип жатып төрага Коргоо кеңешинин жыйыны жакында өтөөрүн кабарлады.
- Террроризм, экстремизм боюнча коркунуч жана тобокелдик бар. Коргоо кеңеши бул маселени жакында карайт, - деди парламент төрагасы.
Ооганстанга 2001-жылдын сентябрындагы АКШдагы теракттан кийин киргизилген антитеррордук күчтөр 2014-жылы чыгарылат. (RK)