Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Кумтөрдө иштеген чет элдиктердин маянасы жашыруун


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев Кумтөр боюнча меморандум каралып жатканда билдирди.

Депутат кечээги жыйында “Кыргызалтындын” жетекчиси Дилгер Жапаров Кумтөрдө иштеген кыргыз жарандарынын орточо айлыгы 99 миң сом экенин айтып, бирок чет өлкөлүктөрдүн маянасын айтуудан баш тартканын сынга алды.

- “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров кечээ айтып кетти. 2012-жылга чейин Кумтөрдө иштеген биздин жарандар айлык акыдан алынчу киреше салыгы үчүн 30 млн., ал эми чет элдик жарандар 18 миллион доллар төлөптүр. Мен өз алдымча эсептеп көрсөм кенде иштеген чет элдик жаран 1 млн. 800 миң сом же 37 миң доллар айлык алат экен, - деди Кутушев.

Мындай билдирүүдөн кийин Кутушев жогорку айлыкка чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык билимдүү кадрларды чакырууну, айлык акы маселесин ачыкка чыгарууну өкмөткө сунуштады.

XS
SM
MD
LG