“Республика” фракциясынын мүчөсү Роза Акназарованын билдиришинче, Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүлсө, Кыргызстан “Центеррадагы” 33% акциядан кол жууйт. Депутат ошондой эле Кыргызстан 100 млн. доллар карыз болуп калаарын белгиледи:
- Меморандумда так жазылбагандан кийин биргелешкен ишкана түзүлгөн соң «Центерра» Кумтөр кенинин толук ээси катары аны сатып жибербейт деп эч ким кепилдик бере албайт. «Центеррада» 33% акциянын ээси катары укугубузду пайдаланып, Кумтөрдү өз алдынча акционердик коом кылып бөлүп чыгуу боюнча катуу талап коюшубуз керек,-деди Акназарова.
Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча меморандум экинчи күн катары менен талкууланып жатат. Депутаттардын бир даары Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 67% болууга тийиш деген позицияны карманууда. (ST)