Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

ЖК: Өкмөткө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүү керектиги айтылууда


Кумтөр маселеси өкмөттү кетирүүгө негиз болбошу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Дастан Бекешов Кумтөр меморандуму каралып жатканда айтып чыгышты.

- Бул өкмөт күнөөлүү эмес. Болгон мүмкүнчүлүгүн жумшады. Дагы бир жолу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берели. Кумтөр оңой чечилчү маселе эмес, 22 жылдан бери чечилбей келет,-деди парламент спикери Асылбек Жээнбеков.

Депутат Дастан Бекешов болсо Кумтөр маселеси ашкере саясатташып, ар кандай митинг-пикет өткөрүү үчүн саясий куралга айланганын сындады. Улутташтыруу жана денонсациялоо тууралуу сөз да болбошу керектигин баса белгиледи.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кумтөр" ишканасы боюнча түзүлгөн эки тараптуу меморандумду талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG