Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Эл аралык байкоочулар Азербайжандагы шайлоого баа берет


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Азербайжандагы президенттик шайлоо боюнча билдирүү жасайт. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдаганына караганда, мамлекет башчы Илхам Алиев азырынча добуштардын 85 процентиндейин алды. Ушу тапта бюллетендердин дээрлик 80 проценти саналып бүттү. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Жамил Хасанлы добуштардын 5 проценти менен экинчи орунда баратат. Хасанлы бийликти бурмалоолор үчүн айыптап, бул “элдин шайлоо укугун одоно бузуу” болуп саналаарын билдирди.

Батыштагы укук коргоо уюмдары көз карандысыз маалымат каражаттарына, эркин журналисттерге, бейөкмөт уюмдар менен оппозициянын колдоочуларына кысым көргөзүлүп келгенин белгилеп, Азербайжанда эркин жана калыс шайлоо үчүн шарт түзүлбөгөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG