Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

Таласта оппозиция өкмөттүн кетишин талап кылды


Таласта оппозициянын эл менен жолугушуусу бир саат кечигип башталды. "Каршылык көрсөтүү" кыймылынын жетекчиси Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү саясый-экономикалык маселелерге токтолуп, өкмөттүн отставкасын талап кылды. Өлкө жетекчилигин сындаган резолюцияга таластыктардын кошулушун да суранды:

- Талас эли ушул маселелерди колдоп берсе деп биз ушундай резолюция даярдадык. Бүгүнкү Конституция боюнча бийлик өкмөттүн колунда болушу керек. Бирок азыркы өкмөт президенттин кол баласы болуп калып, иштебей жатат. Элге каршы иштеп жаткан өкмөт кетсин деп айтышыбыз керек.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ журналисттер менен жолукканда өлкөдөгү соңку нааразылык акцияларын уюштургандарды митингдер аркылуу бийликке жутунгандар деп атаган болчу. (AT/RK)

XS
SM
MD
LG