Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды


ӨКМ маалымат кызматы тарткан сүрөт
ӨКМ маалымат кызматы тарткан сүрөт
Кечээ кечинде Бишкектин борбордук бөлүгүндө тутанган өрт бүгүн эртең менен гана толугу бойдон өчүрүлдү. Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, өрттүн очогу эки саатта чектелген, ал эми тилсиз жоону толугу бойдон басууга көбүрөөк убакыт кетти. Алдын ала маалымат боюнча, адамдар жабыркаган жок. Өрт Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Хуа-Жэн” кытай кафесинде чыккан. Алоолонгон от кафенин тегерегиндеги дүкөн жана башка майда ишканаларды да баскан. Жабыркаган жалпы аянт 1070 м² болду. (RK)

XS
SM
MD
LG