Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

УКМК: Кармалган митингчилердин ону камалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 7-октябрда Караколдо кармалган 18 митингчинин сегизи бошотулганын кабарлады. Калган 10 киши эки айга камалды. Алардын экөө уюштуруучу, ал эми сегизи митингге билип туруп келген активдүү катышуучу болгон деп шектелүүдө. Митингчилердин баш коргоо чарасы кечээ кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталды. Камалгандарга өлүм менен коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык жана бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүүгө катышкан деген айыптар тагылды. Эки айга камалгандар: Саруу айылынын тургундары Улан Чибутов, Бакай Акпаров, Каныбек Байгожоев жана Жети-Өгүздүн башка айылдарынан Наристе Калчаев, Мирзат Бейшенбаев, Бекзат Усупкожоев, Калык уулу Аскар, Турдубай уулу Самат, Нурлан Бектурганов менен Турсунбек уулу Азамат.

7-октябрда Караколдо Кумтөргө байланыштуу 300дөй киши митингге чыккан. Бирок акция өкмөт өкүлүн барымтага алуу жана башаламандык менен коштолгондуктан 23 киши кармалган. Алардын бешөө ошондо эле күнөөсү жок делип, бошотулган болчу. 18и УКМКнын тергөө абагына алынып келген. Митингчилер өзүлөрү Караколдогу башаламандыкты бийлик тарабынан жасалган провокация деп атоодо. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG