Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды. Президентке өлкөдөгү азыркы абал тууралуу маалымат берилди. 7-октябрда Караколдо Кумтөргө байланыштуу чыккан митинг башаламандыкка айланган. Милиция жана атайын кызмат бул акцияны күч менен баскан. Кечээ Таласта оппозициянын митинги болду. Бирок ал көпчүлүктүн колдооосуна ээ болгон жок. Бүгүн болсо Жети-Өгүздүн Саруу айылында жайын өткөнү жатат. 9-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев соңку окуяларды бийликке жутунгандардын атайын уюштуруп жаткан акциясы деп атап, Караколдогу митингди бандитизм жана терроризм менен салыштырган. (RK)