Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев Баш прокуратурага кайрылып, парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын төрт депутаты - Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шердин депутаттык кол тийбестигин алып салуу өтүнүчүн келтирди. Рысалиевдин "Азаттыкка" айтымында, аталган төрт депутаттын апрел окуясы учурунда талап-тоноочулукка тиешеси бар. Бирок атамекенчи депутаттар бул айтылгандар эч далилсиз сөз экенин айтууда. Рысалиев ошондой эле атамекенчи депутаттар тергөөгө келбей жатканын кошумчалады. Абакта жаткан Абдулла Юсуповдун талап-тоноочулук боюнча көрсөтмөсүнүн негизинде Жаза аткаруу кызматынын алдында атайын тергөө тобу түзүлгөн болчу. (BkA/RK)