Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

АКШда бюджет боюнча сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок


Президент Барак Обама менен республикачылардын лидерлеринин АКШнын карызын көбөйтүү боюнча бейшемби күнкү сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Ак үй кездешүү “жакшы” өткөнүн, бирок тараптар келишпестикти жөндөөнүн өзгөчө жолун табышпаганын маалымдады.

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Эркик Кантордун кабарлашынча, жолугушуу “абдан пайдалуу болгон” жана түнү бою улантыларын жарыялады:

- Бул сүйлөшүү, менин оюмча, эки жакка биз кайда экенибизди түшүндүрдү... Биздин командалар бүгүн түнүндө сүйлөшүүнү улантат. Бизде чоң талкуу болот. Биз кенен сүйлөшкөнү кайра келебиз. Президент өз администрациясындагы адамдар менен кеңешкени бара турганын айтты. Биз алдыга жолду табабыз деп үмүт кылам.

Конгрессмендер 17-октябрга чейин мамлекеттик карызды убактылуу көбөйтүү боюнча мунасага келиши абзел. Антпесе, непада АКШ дефолтко кабылса, бул глобалдык финансылык системага тескери таасир этиши этимал. Азыр АКШ өкмөтүнүн карыз лимити 16,7 триллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG