Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Футбол чемпионатын 6 млн. адам стадиондон көргүсү келет


2014-жылы өтө турган футбол чемпионатына 6 миллиондон ашык билет керек. Бул Бразилияда 12-июнда башталып, 13-июлда бүтчү турнирлерге сатылчу билеттерден эки эсе көп. Бул жөнүндө Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) маалымдады.

Билет сатуунун биринчи айлампасында ФИФАга 203 өлкөдөн 6 164 682 билетке талап түшкөн. Сурангандардын 70 проценттен көбүн бразилиялыктар, америкалыктар, аргентиналыктар жана германиялыктар түзөт.

Келерки жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатына билет сатуунун экинчи айлампасы 5-ноябрда башталат.

XS
SM
MD
LG