Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Муфтий Курман айт менен куттуктады


Муфтий Рахматулла Эгембердиев бүгүн бардык кыргызстандык мусулмандарды 15-октябрда боло турган Курман айт майрамы менен куттуктады.

"Ушундай ыйык күндөрдө Жараткан мусулмандардан Айт намазын окууну, жакшы иштерди көбүрөөк жасоону, бирин-бири куттуктап, кечиримдүү болууну, ден-соолугу начарлардан кабар алып, кайрымдуу иштерди жасоону, маркумдарды эстеп Куран окууну, таарынышкандар болсо жарашууну, тообо кылып күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроону талап кылат", - деп айтылат муфтийдин кайрылуусунда.

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 15-октябрда майрамдалат. Эмгек кодексине ылайык, ишемби, 12-октябр иш күнү, ал эми дүйшөмбү, шейшемби - 14, 15-октябр эс алуу күндөрү болмокчу. (RK)

XS
SM
MD
LG