Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан кандалык инвестор "Центерра голд" менен түзүлгөн меморандумду дагы бир сыйра изилдеп, тактап чыгыш үчүн үч жумушчу топ түздү. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөргөн жыйында айтылды. Бул топтор меморандумдун финансы-экономикалык, тоо-техникалык, экологиялык жагын карап, биргелешкен жаңы ишкана түзүүнүн укуктук жана башкаруучулук жактарын изилдеп чыкмакчы. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар да эске алынат.
Кумтөрдөн Кыргызстан пайда көрбөй жатат деген айыптоолорго байланыштуу өкмөт "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кыргыз тараптын көзөмөлүн да, пайдасын да арттырууну шарттаган меморандум кабыл алганын маалымдаган. Бирок бул меморандум парламенттин колдоосуна ээ боло албай жатат. Жогорку Кеңеште эки күн созулган талкуу жыйынтык бербей, кийинкиге калды. (RK)