Эл аралык Human Rights Watch уюму Сириянын куралдуу оппозициясын Латакия губерниясындагы өкмөттү колдогон алавиттердин кыштактарына каршы чабуул маалында адамдарды мыйзамсыз өлтүрдү, барымтага алды жана башка зобун-зордуктарды жасады деп күнөөлөдү.
Уюмдун Нью-Йорктогу башкеңсеси жасаган билдирүүгө караганда, 4-августта башталган операция кезде оппозициянын согушчандары кеминде 190 адамды өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды барымтага алган.
Чабуулга "Ирактын жана Шамдын Ислам мамлекети", ошондой эле "Жайиш ал-Мухажирин" болуп, эки группа катышкан. Алар барымтага алган адамдардын көбү аялдар менен балдар деп айтылат Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүндө.