Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Балдарды окутуу боюнча ата-энелерге жана мугалимдерге тренинг өтөт

Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу боюнча ата-энелерге жана мугалимдерге тренинг башталат. Тренингди китеп окууну, жазууну, математиканы жана англис тилин үйрөтүү боюнча атайын методиканын автору Николай Зайцев өткөрөт. “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду уюштуруп жаткан тренинг 14-октябрдан 18-октябрга чейин И.Арабаев атындагы университетте өтөт.

Аталган фонд ушул күндөрү аптасына бир жолу балдар жана чоңдор үчүн көркөм өнөр мастер-класстарын да уюштурууда. Ар ишембиде Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде кагаздан, чоподон буюмдарды жасоо же сүрөт тартуу боюнча сабактар өтүп жатат. (AKu)
XS
SM
MD
LG