АКШ-Ооган Коопсуздук келишими боюнча Кабулда сүйлөшүүлөр бүгүн да болду. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кабулга кечээ барган. Алар келерки жылы бул өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлердин көпчүлүк бөлүгү чыгарылгандан кийин кала турган аскерлердин иши тууралуу макулдашууну талкуулашты.
Бүгүн түштөн кийин бир сүйлөшүүлөр бир нече саатка созулганын ооган президентинин өкүлү айтты. Америкалык расмий өкүл кечээги жолугушууда тараптар бир топ маанилүү маселелер боюнча бири-бирин түшүнүшкөнүн айтты. Кошмо Штаттары Коопсуздук боюнча эки тараптуу келишимге Ооганстан менен ушул айдын этегине чейин жетишкенге аракет кылууда.