Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Индияда циклондон улам 400 миң киши башка жакка көчүрүлдү


Ушул тапта Бенгал булуңу тарапта турган циклон өлкөнүн чыгышындагы Ориссу жана Андрха-Прадеш штаттарына жылат деп күтүлүүдө.

Индиянын аба ырайын алдын ала маалымдоочу кызматы циклондун борборунда шамалдын күчү саатына 220 чакырымды түзүшү мүмкүн деп билдирген. Ал эми АКШнын тайфундарды алдын ала маалымдоочу бириккен аскерий деңиз борбору шамалдын күчүн саатына 315 чакырымга жетет деп баалап жатат. Катуу шамалдан жаралган толкун жээктеги имараттарды бузушу мүмкүн. Ориссанын борборунда дүрбөлөңгө түшкөн тургундар шашылыш түрдө тамак-аштын запастарын камдап жатышканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG