Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Сатыбалдиев: жарыктын баасы быйыл көтөрүлбөйт


Электр энергиясынын баасы боюнча өткөн жыйында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баа саясаты боюнча ар кандай варианттар ушул жылытуу сезонунун жыйынтыктарына карап чечилерин билдирди. Ал баа кандай болору алгач коомчулуктун талкуусуна коюларын кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев тармактагы ири долбоорлор планга жараша аткарылып жатканын белгиледи. Министрлик да баа боюнча азыр анализдер жасалып жатканын, кымбаттатуу тууралуу сөз кылуу эрте экенин айтып келет. (AKu)

XS
SM
MD
LG