Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

Малала Юсафзай Вашингтондо президенттин үй-бүлөсү менен жолугушту


Мамала Юсафзай
Мамала Юсафзай
Ак Үй таркаткан кабарда “Президент Барак Обама менен анын жубайы Мишель 16 жаштагы активистти Пакистанда кыздардын билимге укугун коргогон таасирдүү иши үчүн ыраазычылык билдиришти” делет. Юсафзай болсо президент Обамага “Пакистанда билим берүүгө жана сириялык качкындарга Америка жасап жаткан колдоо үчүн ыраазычылыгын” айткан.

Мындан сырткары, активист “Пилотсуз согуш учактарынын чабуулдарына тынчсыздануусун айтып, ал терроризмди күчөтөөрүн, жайкын тургундарды өлтүрүп, пакистандыктар арасында кыжырданууну жаратарын” айтты. “Мунун ордуна биз көңүлдү билим берүүгө бурсак, анын акыбети алда канча күчтүү болмок” деп билдирди.

Учурунда өзүнүн иши үчүн талиптер тарабынан атылып, тирүү калган Юсафзай быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG