Бүгүн Азербайжанда оппозиция шайлоонун жыйынтыктарына каршы демонстрацияга чыкты. Оппозиция ушул аптадагы шайлоонун жыйынтыгында президенттикке кайрадан буга чейинки мамлекет башчы Илхам Алиев келгенине нааразы болууда.
Демонстрация Баку шаарынын Ясамал районундагы стадиондо өттү. Элди нааразылыкка Демократиялык күчтөрдүн Улуттук коалициясы чакырган. Бирок бийликтер нааразылык митингине уруксат беришкен эмес.
Полиция нааразылык акциясына 1500 адам келди деди, ал эми уюштуруучулар митингге келгендердин саны 15 миңден кем болгон жок дешет. Полиция демонстрациянын аягында гана өкмөткө каршы билдирүүлөрдү кыйкырган 10дой адамды кармаганы айтылат.
9-октябрда Азербайжанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында 85% добуш менен үчүнчү ирет катары менен президенттикке кайрадан Илхам Алиев шайланган.