Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Быйыл 41 чек ара жаңжалы катталды


Жыл башынан бери Кыргызстанда 41 чек ара жаңжалы катталганын чек ара маселелерине арналган комиссия жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы жума соңунда кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери кыргыз-тажик чегинде 28, Өзбекстан менен чек арада 12 жана кыргыз-казак чек арасында 1 жаңжал чыккан. Бул жаңжалдар боюнча 7 кылмыш иш козголду, 16 жаңжал сүйлөшүү жолу менен чечилди. Жыйында белгилүү болгондой, жаңжалдардын негизги себеби коңшу өлкөлөр менен чек ара тилкелеринин толук такталбаганы болууда. Учурда чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун сактоо үчүн күч органдарына биргелешкен аракет көрүү тапшырмасы берилип, кошумча милиция пункттарын ачуу каралып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG