Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Орусияда автокырсыктан 13 мигрант набыт болду


Күйүп кеткен кичи автобус. Сүрөт vesti.ru сайтынан алынды.
Күйүп кеткен кичи автобус. Сүрөт vesti.ru сайтынан алынды.
Өткөн түнү Өзбекстандын 11, Тажикстандын эки жана Азербайжандын бир жаранын Самарага алып бараткан кичи автобус алдыдагы дөңгөлөктөрүнүн бири жарылып, каршылаш тарапта келаткан жүк ташуучу машине менен кагылыша кеткен. Микроавтобус газ менен жүргөндүктөн, ошол жерде жарылып кеткени айтылды. Кырсыктан13 адам каза таап, эки киши оор жараат менен ооруканага жаткырылды. Аман калган айдоочуну полиция камакка алды.

Орусияда убактылуу каттоодо жүргөндөр ар үч айда миграциялык картасын жаңыртыш үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кириш керек деген талап бар. Айрым маалыматтарга караганда, кырсыкта каза болгон мигранттар ошол максатта орус-казак чек арасына барып кайтмак болушкан.

XS
SM
MD
LG