Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ - Ооганстан коопсуздук боюнча жарым-жартылай мунаса тапты


Президент Хамид Карзай (оңдо) менен Мамкатчы Жон Керри Кабулдагы биргелешкен маалымат жыйынында, 12-октябрь, 2013.
Президент Хамид Карзай (оңдо) менен Мамкатчы Жон Керри Кабулдагы биргелешкен маалымат жыйынында, 12-октябрь, 2013.
Эки күндүк сүйлөшүүнүн соңунда кечээ кечинде АКШнын Мамкатчысы Жон Керри менен Ооганстандын президенти Хамид Карзай жаңы келишим боюнча көптөгөн маселелерге чекит коюлганын, бирок айырмачылыктар дале бар экенин айтышты.

Керри келерки жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин калчу америкалык аскерлер сот жоопкерчилигинен иммунитет алар-албашы боюнча маселе чечиле электигин айтты. АКШ өзүнүн аскерлери ооган жеринде жасалган кылмыштар боюнча Ооганстанда соттолушун каалабайт. Кабул болсо буга каршы.

"Юрисдикция маселесин ооган өкмөтү чече албайт, - деди президент Карзай. - Бул толугу менен ооган элинин гана жоопкерчилигиндеги нерсе. Демек, муну “Лойа жырга” (же аксакалдар соту) жана ооган парламенти ганай карай алат.

XS
SM
MD
LG