Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Москва: Бирюлёводогу базага улутчул жаштар чабуул жасады


Москванын Бирюлёво районундагы жер-жемиш базасына чабуул жасагандар аталган райондун тургуну Егор Щербаковду өлтүргөн киши ушул жерде жашырынып турат деп эсептешет. Радикалдык маанайдагы улутчул жаштар базанын айланасындагы машинелерди оодарып, айнек-терезелерди сындырып, улутчул маанайдагы билдирүүлөрдү кыйкырып турушканы кабарланууда.

Полиция менен кагылышуу болуп, жети киши камакка алынды. Орусиянын Ички иштер министрлигинин кабарына караганда, тополоңдо бир полициячы жарадар болду. Бейбаштык боюнча кылмыш иши ачылганы да айтылууда.

Бирюлёводо башаламандык бүгүн ал жерге райондун башчысы менен жергиликтүү полиция башчысынын кызматтан кетишин талап кылган тургундар чогулганда башталган. Митингдин катышуучулары аталган жер-жемиш базасы жабылышын, анткени дал ушул жерде мигранттар иштей турганын айтышты.

Бейшембиде 25 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Аны улутчул жаштар “кавказдык кишинен” көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG