Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

Бирюлево: башаламандыкка катышкан 380 адам кармалды


Москванын Бирюлево районундагы башаламандык түн бир оокумга чейин уланды. Жекшембиде бул райондо орус улутундагы адамды өлтүргөн кавказдык жашынып турат деген себеп менен жүздөгөн улутчул жаштар жер-жемиш базасына чабуул жасашты. Алар базанын айланасындагы машинелерди оодарып, айнек-терезелерди талкалап, полиция менен кагышты. Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, кагылышта бир нече полициячы жараат алды. Башаламандык боюнча 380ге жакын адам кармалып, кылмыш иши козголду. Окуя болгон жерге полициянын кошумча күчтөрү тартылып, камоолор түнү бою уланды.

Бирюлеводо башаламандык жекшембиде ал жерге райондун башчысы менен жергиликтүү полиция башчысынын кызматтан кетишин талап кылган тургундар чогулганда башталган. Митингдин катышуучулары аталган жер-жемиш базасы жабылышын, анткени дал ушул жерде мигранттар иштей турганын айтышты. Андан соң райондогу соода борборуна чабуул жасашып, Кавказдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар иштеген жер-жемиш базасын талкалап киришти.

Бейшембиде 25 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Аны улутчул жаштар кавказдык кулутундагы кишиден көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG