Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Сарууда тынчтык митинги уланууда


Саруу айылында тынчтык митинги уланып жатат. Учурда ал жерде 30дай адам бар экенин “Азаттыкка” айылдык кеңештин депутаты Замирбек Мендибаев билдирди. Алар Ысык-Көлдөгү башаламандыкты уюштурган деген айып менен камалган кишилердин абалын билүү максатында Бишкекке кеткен айылдаштарынан жооп күтүп отурушат.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Тынчтык митингине чыккандар нааразылык акциясы мөөнөтсүз экенин айтышууда.
Айылдын нааразы болгон тургундары айыл өкмөт имаратынын алдына үч боз үй тигишкен. Алар Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабын коюшкан. (SE)

XS
SM
MD
LG