Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Бирюлево: жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Москванын Бирюлево районундагы башаламандыкта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмаз Букалаев билдирди. Текшерүү иштери уланууда.

Бирюлеводо башаламандык жекшембиде ал жерге район жетекчиси менен жергиликтүү полиция башчысынын кызматтан кетишин талап кылган тургундар чогулганда башталган. Митингдин катышуучулары аталган жер-жемиш базасы жабылышын, анткени дал ушул жерде мигранттар иштей турганын айтышкан. Андан соң райондогу соода борборуна чабуул жасашып, Кавказдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар иштеген жер-жемиш базасын талкалашкан.

Бейшембиде 25 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Аны улутчул жаштар кавказ улутундагы кишиден көрүп жатышат. Кыргызстандын элчилигинин адистери мигранттар арасында мындай башаламандыктардан алыс болуу жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG