Москванын Бирюлево Западное районундагы тополоң басылганы, бирок полиция кырдаалга көз салып турганы маалымдалды. Ишемби күнү орус жигит киши колдуу болуп жан бергендин эртеси, жаалданган жаштардын тобу мигранттар иштеген жашылча-жемиш базарларына кол салышты. Машинелерди оодарып, полиция менен мушташкан жана улутчул ураандарды чакырышты. Орус жигитти Кавказ улутундагы адам өлтүргөн деп айтылууда. Чатакты басуу үчүн районго кошмча полиция күчтөрү жайгаштырылды. Коогалаңда бир нече полициячы жарадар болуп, 380 чамалуу адам камакка алынган. Аларга каршы кылмыш иши козголуп, тополоңго катышы барларды өткөн түнү камакка алуу улантылганын Москва полициясы кабарлады. Бул Москвада акыркы үч жылда болгон эң чоң коогалаң.