Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Ажыга кеткендердин саламаттыгы жакшы


Ажыга аттанып кеткен үч жарым миңден ашуун кыргызстандыктардын баарынын саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орунбасары Максат ажы Токтомушев билдирди.

Токтомушев азыр Сауд Арабстанда Кыргызстандын ажылык штабын жетектейт. Анын айтымында, зыяратчылардын арасында катуу ооруп калгандар жок.

Октябрдын башында кыргызстандык 74 жаштагы карыя жүрөгү кармап, каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган.

Бүгүн бардык зыяратчылар катары кыргызстандыктар да Арафат тоосуна чыгып, ажылык амалдарын аткарышууда. Ажылар 20-октябрдан тарта Кыргызстанга кайтат. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG