Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Нобель сыйлыгы кайрадан АКШ экономисттеринде


Америкалык экономистер Ларс Питер Хансен, Юджин Фама жана Роберт Шиллерге 2013-жыл үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылды. АКШлык окумуштууларга сыйлык баалуу кагаздардын наркына таасир этчү рационалдык жана психологиялык факторлорду изилдеп, фондулук рыноктогу узак мөөнөттүк кырдаалды прогноздоого кошкон салымы үчүн берилди, деп айтылат Швециянын борбордук банкынын билдирүүсүндө. Фама жана Хансен Чикаго университетинде, Шиллер Йел университетинде эмгектенет.

Акыркы он жылда экономика боюнча Нобель сыйлыгын алган 20 лауреаттын 17си америкалык. Медицина, химия, физика, адабият жана тынчтык боюнча Нобель сыйылыгын швед өнөр жайчысы Нобель 1895-жылы негиздеген. Экономика боюнча сыйылыкты Швециянын борбордук банкы 1968-жылдан тарта Альфред Нобелдин урматына бере баштаган.

Ушуну менен Нобель комитети 2013-жыл үчүн бардык алты номинация боюнча лауреаттарды атап бүттү.

XS
SM
MD
LG