Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Тажик оппозициясы Бобонозорованы каттоого чакырды


Биргелешкен тажик оппозициясы БШКдан Ойнихол Бобоназарованы президенттикке талапкер деп каттоосун талап кылды. Бобоназарова 11-октябрга чейин талапкер болуп катталуу үчүн зарыл 210 000 адамдын кол тамгасын чогулта албай калган.

Оппозициянын айтышынча, Ойнихол айым чогулткан 201 000 кол тамга аны каттоо үчүн жетиштүү. Себеби, мыйзамга ылайык, талапкер болуу үчүн өлкөдөгү 4 миллион чамалуу шайлоочунун 5 проценти колдоосу керек. Оппозиция ошондой эле Тажик бийлигин өлкөдөн тышта эмгектенген 1 миллиондон ашык мигрантты кол чогултуу жараяныдан четтетип, Бобонозорованы алсыратты деп күнөөлөдү. 6-ноябрдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Эмомали Рахмон менен кошо алты талапкер ат салышат.

XS
SM
MD
LG