Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Керри: Сирия боюнча конференцияны тездетүү абзел


АКШ Мамкатчысы Жон Керри тезинен Сирия боюнча тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырды. Керри Лондондо БУУнун жана Араб Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими менен жолуккандан кийин: "Биздин ишенимибизде президент Асад элдин башын бириктиргенге зарыл мыйзамый укугун жоготту. Женева 1ди аткаруу - азыр Женевада конференция өткөрүү. Ал үчүн жалпы Сирияны башкарчу жана тынчтык орнотууга мүмкүндүк түзгөндөй өткөөл өкмөт болушу шарт," - деп билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада сүйлөп, Сирия оппозициясы Женевада өтсүн деп сунуш кылынган конференцияга катышсын үчүн, АКШ Дамаскка кысымды күчөтүшү абзел деди. Адеп май айында өтөт деп сунуш кылынган конференция улам кийинге калууда жана азыр ноябрдын ортосунда болушу мерчемделүүдө.

Сирия улуттук кеңешинин төрагасы Жорж Сабре ал баштаган уюм тынчтык конференциясына катышпасын эскертти. Сирия улуттук кеңеши оппозициядагы Улуттук коалициянын эң чоң мүчөсү.

XS
SM
MD
LG