Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү башталат


Бүгүн Женевада Ирандын өзөктүк программасы боюнча алты дүйнөлүк держава менен эки күндүк сүйлөшүү башталат. Бул сүйлөшүү Хасан Роухани президенттик кызматка киришкенден бери алгач ирет өткөнү турат.

Роухани президентикке киришип жатып өзөктүк курал талашын 6 айдан 12 айга чейинки убакыт ичинде чечүүгө убада берген. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф бул жолку сүйлөшүүдө тараптар маселени чечүүнүн жолдорун аныктоо боюнча бир пикирге келет деген ишенимин билдирди. Расмий Тегеран Батышты экономикалык санкцияларды азайтса гана өзөктүк программа боюнча олуттуу сүйлөшүүлөргө бара турганын билдирип келет. Ирандын өзөктүк программасы боюнча алты держава: АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия менен Тегерандын буга чейинки сүйлөшүүсү жарым жыл мурда Алматыда өткөн. Бирок бул сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган болчу.

XS
SM
MD
LG