Кыргызстандык жаш режиссерлор Елизавета Стишова “Чайка” жана Канат Жолочиевдин “Капитан Курбат” аттуу тасмалары Алматыда өтчү “Бастау” эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
16-октябрда башталчу “Бастау” фестивалында студенттердин жана киномектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тарткан кинолору көрсөтүлөт. Фестивалга Европа, Азия жана америкалык режиссерлордун тасмалары катышат.(BkA)