Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Ош: айт намазы белгиленген убакыттан эрте башталды


Ош шаарында Курман айт намазы белгиленген убакыттан эрте башталганын, айрымдар намаз окууга жетишпей калганын жергиликтүү коомдук активист Искандер Субанкулов “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты намазга чыккан башка тургундар да тастыкташты. Алардын айтымында, жергиликтүү маалымат каражаттарында айт намазы 8:30 башталаары кабарланган. Ибадатчылар билдиргендей, айтылган убакытта намаз соңуна чыгып калган.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Камил Сыдыков намаз 8:15те башталаары мурда эле кабарланганын билдирди. Шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев да эч кандай алешемдик болбогонун айтты. Маалыматка ылайык, Оштогу бүгүнкү айт намазы саат 8:40да соңуна чыккан.

Жергиликтүү бийликтин эсептөөсүндө намазга 25 миңге жакын адам келди. (SE)

XS
SM
MD
LG