Кытайдан Кыргызстанга бир жумадан бери эт киргизилбей жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлү Абдылда Малдыбаев билдирди.
Анын айтымында, Кытайда куш тумоосу катталды делген маалыматтан улам, республикалык ветеринардык-санитардык кызматы ал жактан убактылуу малдын этин алып кирүүгө мүмкүн эместигин айткан. Бирок тоок этине уруксат берилген. Мунун себебин адис атайын сертификаты бар, лабораториялык текшерүүдөн өткөн эттер гана келип жатканы менен түшүндүрдү. Ал ветеринардык-санитардык кызматынын текшерүүсүнөн өтүп, анан сатыкка чыгарылат. (SE)