Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Украинанын тышкы иштер министри келди

Украинанын Тышкы иштер министри – Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Леонид Кожара Бишкекке алгачкы иш-сапары менен келди.

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен болгон жолугушууда 2014-жылы Ооганстандагы коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык коалициялык күчтөрдүн чыгышына байланыштуу маселе талкууланып, Борбор Азиянын коопсуздугу тууралуу да сөз болду. Андан сырткары, кыргыз-украин кызматташтыгын өркүндөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Кожаранын бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуусу күтүлүп жатат. (SE\EMB)
XS
SM
MD
LG