Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

Мал сарайдан 7 килограмм маңзат табылды


Чүйдө мал кармаган жарандын сарайынан 7 килограмм маңзат табылды. Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылынын 39 жаштагы тургуну мал сарайындагы чөптүн астына мыйзамсыз маңзат сактаган деп шектелүүдө. 

Милициянын өздүк булактарынын маалыматынын негизинде, соттун санкциясы менен 10-октябрь күнү чарба ээсинин үйү текшерүүгө алынган. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Соттук-химиялык экспертизанын бүтүмү менен табылган маңзат марихуана экени аныкталган. Тергөө иштери жүрүп жатат. (SE)

 

XS
SM
MD
LG