Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Кыргызстанда кыш оор болбойт деп болжолдонууда


Быйылкы кыш кыргызстандыктар үчүн оор келбейт деп болжолдонууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы кыш Орусия жана Европада оор болушу күтүлүп жатат. Буга түндүк циклондун жакындаганы, суу ташкындарынын көп болуп жатканы себеп. Бирок анын Кыргызстанга коркунучу жок. Быйыл жылдагыдай эле кыш болушу күтүлүүдө. Адистер муну атайын техникалык каражаттар менен такташкан.

Ай башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен быйыл кыштын оор келиши күтүлүп жатканы жана ага карата даярдыктарды күчөтүү керектиги айтылган болчу.

Итибаев ал маалымат тактала электе таратылып жиберилгенин билдирди. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG