Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Еврокомиссия Орусиядaгы улутчулдукка тынчсызданат


Европа Комиссиясы Орусияда ашынган улутчулдукка тынчсыздануу билдирди. Расизмге жана cабырсыкздыкка каршы Европалык комиссия жаңы отчетунда Молдова менен катар Орусияда айрым жылыштар бар экенин белгиледи. Ошол эле убакта Европа Кеңешинин комиссиясы орусялык интернетте «ашынган улутчулдардын, расисттердин, неонацисттердин» сайттары жыш экенин эскертти.

Комиссия Орусиянын ултра-улутчул топтор менен күрөш далалатын белгилеп, ошол эле убакта расизм жана расалык дискриминация менен күрөшүүчү көз карандысыз орган жок экендигин сынга алды.

Отчетто ошондой эле Орусияда мигранттардын түпнегиз укуктары «массалык» түрдө бузулган учурлар кездешээри айтылат.

XS
SM
MD
LG