Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Зыяратчылар Мекеде шайтанды таш бараңга алышты


Сауд Арабстанга ажылыкка барган момун мусулмандар бүгүн шайтан делген моло ташты таш менен койгулашты. Бул зыяпат бүт дүйнөдө мусулмандар белгилеп жаткан бүгүнкү Курман айтка туура келди.

Дүйшөмбүдө ажыга баргандар Арафат тоосуна чыгып, намазга жыгылышкан. Бул намаз ажылыктын эң башкы амалы деп саналат. Сауд Арабстанга быйыл бир жарым миллион киши анын ичинде үч жарым миңдей кыргызстандык барды.

Дем алуу органдарын жабыркатуучу МЕРС тумоосунун эпидемиясына байланыштуу быйыл Сауд Арабстандын бийликтери зыяратчылардын санын эки эсеге чектеп койгон. Ажылык расмий түрдө жума күнү жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG