7.2 баллдык зилзаладан Филиппиндин борбордук аймагында аз дегенде 93 кишинин каны төгүлгөнү кабарланууда. Кырсыктын чок ортосу болгон Бохол аралында 77 кишинин сөөгү чыкты. Кармен шаарында көп үйлөр кыйрап, жолдор, көпүрөлөр бузулду. Бийликтер курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин эскертүүдө.