Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Москвада митингге чыккандар камалды


Москвада Бирюлево районунда орус жаранынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу кечээ кечинде митингге чыккан жүздөгөн жаштар кармалды. Полициянын бул операциясы кылмышка шектүү кармалган соң башталды. Кармалган адам - Азербайжан жараны Орхан Зейналов. Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, аны күч органдарынын кызматкерлери Москванын чеке белиндеги Коломна шаарында колго түшүрдү. Ал кармоо учурунда күч органдарына каршылык көрсөткөн. Зейналов 10-октябрь түнү сүйлөшкөн кызы менен үйүнө кайтып келаткан 25 жаштагы Егор Щербаков аттуу орус жаранын бычак менен сайып өлтүргөн деп айыпталууда.

Жекшембиде Щербаковдун өлтүрүлүшүнө нааразы болгон жүздөгөн адамдар митингге чогулуп, ал башаламандык менен аяктады. Анда жүздөгөн улутчул жаштар Бирюлеводогу Кавказдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар иштечү жер-жемиш базасына чабуул жасашты. Башаландыкка катышкан 380ден ашык адам камалды. Бул окуядан соң Москвада мигранттарды текшерүү күчөп, 1200гө жакын мигрант кармалды. Алардын арасында 14 кыргызстандык жаран бар экенин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен тастыкташты. Элчилик маалыматында кармалган 14 кыргыз жарандын сегизи бошотулду.

XS
SM
MD
LG