Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Футболдогу жаңжал ФИФАда каралышы мүмкүн


Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командаларынын беттеши учурунда чыккан жаңжал ФИФАда каралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди. Анын айтымында, бул оюн судьясынын отчетуна көз каранды.

15-октябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон жолдоштук беттеште тажикстандык футболчулар Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде утуп алган.

Оюн учурунда кыргызстандык команданын өкүлү Кум Мака менен коңшу өлкөнүн футболчусу Далер Тухтахуновдун ортосунда чатак чыккан. Күйөрмандар тарабынан стадионго пластик идиштер да ыргытылган. Судья оюн эрежесин бузгандыгы үчүн эки оюнчуга тең кызыл карта көргөзүп, оюндан чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG