Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Аскаров боюнча арыз канааттандырылган жок


Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокатынын арызы канааттандырылган жок. Ишти бүгүн соттук коллегия карады.

Адвокат 2010-жылы укук коргоочуну кармоо маалында уруп-согууга туш болгонун билдирип, ага күнөөлүү күч кызматкерлеринин жана эч кандай чара көрбөгөн прокурорлордун жоопкерчилигин кароону өтүнгөн. Буга чейин Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад облустук соту бул арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Аскаровдун уулу Шерзод Аскаров БУУ баштаган бир нече уюмга арыз менен кайрылган. Анда Аскаровдун мыйзамсыз камалып, кыйноого алынганы, андан кийин сот иштери бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп, Жогорку Сот акыйкатсыз өкүм чыгарганы жазылган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты тутанткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. (SE)

XS
SM
MD
LG